Италия бийлиги коронавируска байланыштуу 15 провинцияга кирип-чыгууну токтотту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Италия өлкөсүнүн 15 провинциясына кирип-чыгууга тыюу салып, 16 миллион адам чектөөгө алынды. Италиянын премьер-министри Жузеппе Конте коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында документке кол койгон. Анда 8-марттан 3-апрелге чейин Ломбардия, Парма, Пьяченца, Римини, Реджо-нель-Эмилия, Модена, Пезаро, Урбино, Падуя, Тревизо, Алессандрия, Вербано-Кузио-Оссола, Новара, Верчелли жана Асти провинцияларына кирип-чыгуу токтотулары айтылган. 3-апрелге чейин мектеп, университет, музей, клуб, спорт залдар жана башка коомдук жайлар жабык болот. Ал эми ресторан, кафе-барлар саат 18:00гө чейин гана иштейт.
Эске салсак, бүгүнкү күнгө карата берилген маалыматка ылайык, Италия коронавирус жуктурган өлкөлөрдүн арасында 3-орунда (7375), каза болгондордун арасында 2-орунда (366) турат.