Өзгөндө коронавирус жуктурган адам бар деген дарыгерге карата чара колдонулбайт

Өзгөн аймактык ооруканасында иштеген медайым коронавирус жуктурган жаран бар деп жалган маалымат тараткан. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. 29-февралда медайым күнөөсүн моюнга алып, өз каалоосу менен жумуштан кетүү тууралуу арыз жазганын аталган аймактагы оорукананын башкы дарыгери ырастаган. Ал эми кызматтан кеткен медайымга эч кандай чара көрүлбөйт, иш ушуну менен чектелди. Мындай маалыматты бүгүн, 2-мартта Ош ОИИБинин басма сөз катчысы билдирди.

"Медайымдын иши жумуштан кетүү менен чектелди. Топтолгон материалдарды иликтегенде билдирүү социалдык тармактарга медайым аркылуу эмес, анын кызы аркылуу тарап кеткен. Медайым кызматтык сырды сакташы керек болчу. Саламаттыкты сактоо министрлигинин сунушу менен медайым кызматынан бошотулгандан кийин иши чектелди", - дейт мекеменин маалымат катчысы.

Буга чейин медайымдын билдирүүсү социалдык тармактарда, WhatsApp мессенджери аркылуу коомчулукка тараган. Анда Түштүк Кореядан Өзбекстан аркылуу Өзгөнгө келген Кыргыз жараны 27-февралда келери менен текшерүүдөн өткөн. Андан сырткары 14 күндүк карантинге Өзгөн райондук ооруканасына жаткырылган. Ошондон улам медайым аны коронавирус жуктуруп алган деген маалымат таратып жиберген. Медайым WhatsApp`тагы группаларга, курбуларына тамашалап жөнөткөнүн айтып, кийин коомчулуктан кечирим сураган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aizira
2020-03-02 11:09:55
Ушинтип жашыра белгилечи аягы эмне менен бутоор экен. Болгон нерсени болду деп эле айтпайсынарбы..
+4
aiba_00
2020-03-02 14:55:05
Туштон кийин эмне бетин жаап койонсунар.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан