Өлкө боюнча акыркы бир сутка ичинде жалпы 9 миң 153 адам коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, өткөн сутка ичинде эмдөөдөн 9 миң 153 адам өтсө, анын ичинен 4 миң 586 адам биринчи дозаны, 4 миң 567 адам экинчи дозаны алган.
Өлкө боюнча биринчи доза менен эмделгендердин саны - 833 миң 472. Ал эми экинчи доза менен - 628 миң 413.