"Саясий эркиңиз болсо "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун кайтарып алыңыз", - деп бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев мыйзам долбоорунун демилгечиси Гүлшат Асылбаевага кайрылды.
"Биз парламентке элдин жашоосун жеңилдетебиз, аларга шарт түзөбүз, элдин кызыкчылыгын аткарабыз деп келебиз. Бирок келгенден бери бир нече жолу аларды нааразы кылган, керек болсо үйлөрүнөн көчөгө чыгара турган мыйзамдарды талкуулап, ошолорду кабыл алып жатабыз.
Интернетте 5 миңдеген адамдар бул мыйзам долбооруна каршы пикирлерин жазып жатышат. Эми ошонун баары фейкпи? Алардын сөзүн укпай коюш болбойт. Кайсы бийлик болбосун, кайсы парламент болбосун элдин сынына чыдаш керекпиз. Фейктерден менин туугандарым жабыркады деген болбойт. Анда парламентке келбеш керек", - деди ал.
Жогорку Кеңеште "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда.