
Нью-Йорк штатынын бийлик өкүлдөрү сутка ичинде коронавируска тапшырылган тесттердин санын 20 миңден 40 миңге чейин көтөрүшөт. Бул тууралуу губернатор
Эндрю Куомо айтканын чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ал өлкө башчысы Дональд Трампка жолугуп тест алуу маселелерин карашкан.
"Биздин максат тесттердин санын эки эсеге көтөрүү. 40 миң тест бул штаттын максималдуу мүмкүнчүлүгү", - деп билдирген Куомо.
Губернатор белгилегендей, тесттерди ата мекендик өндүрүшчүлөр чыгарып жатат. Алар тесттерди штаттагы бардык лабораторияларга жөнөтүп туруусу керек.
"Тесттерди алуу жана жыйынтыктарды чыгаруу үчүн химиялык реагенттер керектелет. Бул суроодо бизге федералдык башкармалык жардам берүүсү керек", - деген Куомо.
Нью-Йоркто 250 миңге жакын адамдан коронавирус аныкталса, 15 миң жаран илдеттен көз жумган.