Республикалык штаб өлкөгө өзгөчө абал киргизүүнүн кажети жок деген чечим кабыл алганын маалымдады. Бул боюнча онлайн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев дагы айтты.
"Ошол эле убакта мамлекеттик кызматкерлердин арасында вирус жуктургандар көп болгондуктан, аралыктан иштөө сунушталды. Андан сырткары шаар башчылары менен жергиликтүү бийликке коомдук жайларда, базарларда, соода борборлорунда санитардык талаптарга көзөмөлдү жана элге түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди”, - деди Мадамин Каратаев.