#Менфейкэмесмин. "Маалыматтык манипуляция жөнүндө" мыйзамына карата айтылган пикирлер

25-июнда парламентте "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоору колдоо тапкан болчу. 79 депутат "макул" деп, 10 эл өкүлү "каршы" добуш берген. Мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды. Бул мыйзам долбоорунун демилгечилери депутат Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова. Долбоордо интернет колдонуучулардан баштап сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Эгерде, кандайдыр бир сайтка же баракчага чындыкка дал келбеген маалыматтар жарыялана турган болсо, өкмөт дароо блокко салат жана ал жоопко тартылат.

Ошол эле учурда "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбооруна каршы Ак Үйдүн алдында митинг өттү. Нааразычылык акциясына 100дөн ашык адам катышып, долбоордун кабыл алынышына каршы пикирлерин билдиришкен.

Бул арада интернет тармагында мыйзам долбоору талкууга алынып, ал чийки, сөз эркиндигине чектөө коёт деген пикирин жазгандар көбөйдү.

Журналист Болот Темиров: "Бул бийликтин шайлоого бара турган партияларына пайдалуу мыйзам", - деп жазган.

Мыйзам долбооруна каршы добушун берген депутат Дастан Бекешовдун билдирүүсүнө жооп иретинде "Твиттердин" колдонуучуларынын бири: "Мен провайдерим Марк Цукебергден менин аккаунтум фейк, биздеги бир депутаттын айынан аны жабыш керек болуп жатканын билдирген катты көргүм келет", - деген тамашалуу билдирүүсүн калтырган.

Интернет колдонуучулардын бири ага карата жооп кылып: "Жок, эч кандай кат болбойт. Биздин провайдерлерге бланш картасы берилген. Азыр Цукерберг өзү бир нерсени капыс жазып алса, аны да блокко салышат. Азыр биз бүткүл дүйнөлүк интернеттин администрациясыбыз", - деген.

"Кайсы маалымат туура, кайсынысы туура эмес экенин өкмөт ылгайт экен. А өкмөткө ким ишенет?", "Мыйзам долбоорунун авторлоруна бир нерсе жазгым келген, бирок коркуп жатам. Эми ушинтип ой-пикир жазууга да чектелип калабызбы?", "Жөнөкөй адамдарга ар-намыс, кадыр-баркыма шек келтиришти деп коргонууга муктаждык жок. А депутаттар, чиновниктер артын жабууга туура келет. Кыскасы мыйзам эл үчүн эмес", - деген пикирлер жазылган.

Ошондой эле мыйзам долбооруна каршы болгондор #Менфейкэмесмин хештегин таратышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан