Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү карантиндик чектөөлөрдү жеңилдеткен мамлекеттерде коронавирустун жайылуусу күч алганын айтты. Тагыраагы, коронавирус инфекциясы Армения, Швеция, Молдова, Азербайжан, Казакстан, Кыргыз өлкөсү, Украина, Босния, Косово жана башка мамлекеттерде тез жайылып жатат.
Уюмдун Европадагы регионалдык бюросунун директору Ханс Клюге акыркы эки аптада жогоруда айтылган өлкөлөрдө илдетти жуктургандардын саны кескин түрдө өсүп, оорунун жаңы толкуну жаралды. Анын айтымында, илдеттин жайылуусун токтотпосо, эпидемиологиялык абал көзөмөлдөн чыгып, өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагы кыйроого дуушар болот.
Ханс Клюге Польша, Германия, Испания жана Израиль мамлекеттеринин коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдөгү иштерин алкоого алган.
Бүгүнкү күндө Кыргыз өлкөсүндө коронавирус менен ооругандардын саны 4 миң 204кө жетсе, анын 2 миң 162си айыкты. 43 бейтабы каза болду.
Ал эми коңшу Казакстанда ооругандардын саны 19 миң 759 болсо, 12 миң 304 бейтабы айыккан. Каза болгондор 147ге жетти. Дагы 13 миң 560 жаранда оорунун белгилери байкалбай өтүп жатат.