"Элди мажбурлабастан, алардан үйлөрүндө отуруусун суранып жатышат". Японияда карантин кандай башталды? Мекендешибиз айтып берет

Япониянын премьер-министри Синзо Абэ 7-апрелде өлкөнүн Токио шаары баштаган жети аймагына өзгөчө абал жарыялаган болчу. Тартипти бек сактап, мыйзамдарга баш ийип жашаган Япония өлкөсүндө кандай өзгөрүүлөр болду? Ал жакта окуган жана эмгектенген мекендештерибизден кабар алдык.

Токио шаарынын жогорку окуу жайларынын биринде окуган Мураттын айтымында, өзгөчө кырдаал киргизилгени менен азырынча өзгөрүүлөр деле өтө байкала элек.

"Бул жакта бийлик өкүлдөрү элди мажбурлабастан, жөн гана үйдөн чыкпоосун суранып жатышат. Ошону эл дагы түшүнүү менен кабыл алууда. Кинотеатр, көңүл ачуучу жайлар 1 айга жабылды, бирок банк, дарыкана, кафелер мурдагыдай эле иштеп жатат. Биз болсо онлайн режиминде окуп жатабыз, ал эми мектептер каникулга чыгышты. Сейил бакта эс алып жүргөндөр дагы аз эмес. Бирок метролордо адамдардын саны азайганы байкалууда", - деп билдирди мекендешибиз.

Чет элдик маалымат каражаттары жазганына таянсак, Токиодо вирус жуктуруп алгандар жана ага шектелип жаткан адамдар ооруканага батпай калса, атайын даярдалып жаткан мейманканаларга жайгаштырылат. Бийлик өкүлдөрү заводдордун жасалма дем алдыруучу аппараттарды өндүрүп чыгуусуна бардык шарттарды түзүп берип жатат.

Ал эми Токио перфектурасынын губернатору Коикэ Юрико кайсы ишканалар өз ишмердүүлүгүн өзгөчө кырдаал абалында токтото тургандыгы 10-апрелде элге жарыяланарын билдирген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aslonur
2020-04-08 18:39:54
Триллион доллар болуп берем деп бул Япония аткаминерлери даярдыгы куч болуп жатат пандемияга каршы
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан