Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасынан коронавируска шектелип түшкөн бейтаптар качып кетти деген маалыматты тараткан жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, оперативдүү иш аракеттердин натыйжасында жалган маалымат таратууга шектелип 1982-жылы туулган К.Ш. аттуу жаран кармалганы айтылат.
"Жаран менчик компаниялардын биринде жүргүнчү ташып иштери аныкталды. Ал бейбаштык аракеттери менен социалдык тармактар аркылуу "Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынан вирус жуктурган адамдар качып, анын айынан дарыгерлер массалык түрдө иштен кетип жатат" деген маалымат тараткан.
Мындай кадамы менен ал коом арасында чуу жараткан жана анын кыймыл-аракетине юридикалык баа берилип жатат. Жаран жасаган иши үчүн өкүнүп жатканын билдирип, элден кечирим сураган" , - деп айтылат маалыматта.
УКМК жалган маалымат тараткандар Кылмыш-жаза кодексинин негизинде жоопкерчиликке тартыларын эскертет.