Вайнер Эмил Токтошев жарнамалык ролиги жөнүндө: "Тамашаны түшүнгөндөргө бул юмор, кыз ала качууга пропаганда эмес"

Вайнер Эмил Токтошев Инстаграмдагы баракчасына такси кызматын жарнамалаган видеороликти жүктөдү. Видео тамаша иретинде тартылган. Анда жигиттер көчөдө бара жаткан кызды ала качуу үчүн унаага салганда унаасы жүрбөй коёт. Жигиттер аны жүргүзүүнүн убарасын тартып жатканда, каршылык көрсөтүп жаткан кыз токтой калып, такси кызматынын номерин айтат.

Андан соң такси келип, кыз жигиттер менен унаада кетет. Буга чейин актёр Азамат Исмаиловдун сценарийи менен тартылган жарнамалык роликте дагы ала качуу тууралуу сөз болгон болчу. Ролик жарыялангандан кийин кыз ала качууну пропагандалап жатасыңар деген талкуу, сын-пикирлер көбөйүп кайра өчүрүшкөн. Биз Эмил Токтошевге байланыштык.

"Жок, роликте кыз ала качууга такыр пропаганда болгон жок. Ал жерде кызды үйгө алып барып, көшөгө артына кыйнап киргизүү деген көрүнүштөр такыр жок да. Тескерисинче кыздын акылынын күчтүүлүгүн көрсөттүк деп ойлойм. Ал балдарды оңой эле ойнотуп атпайбы. Ала кача албай, унааны жүргүзө албай жатканда номерди айтты. Бул учурда көңүл таксиге бурулат да. А балдар мындай кыздардан чочулап калат. Юморду түшүнгөндөр тамаша катары эле кабыл алып жатышат, азырынча эч ким деле ала качууну пропагандалапсыңар деп айта элек. Мен өзүм негизи ала качууга каршымын, а бул жарнамада бир гана тамашага жана такси кызматынын ыңгайлуулугун көрсөтүүгө көңүл бурулган", - деди Токтошев.

Эмил Токтошев: "Бул кыз ала качууга пропаганда эмес, кадимки эле тамаша"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
-BOSS-
2020-06-27 15:50:08
100% Бишкектик вайнерлерди туурабай өзүңөрчө бир нерсе ойлоп тапсаңар болбойбу?
0
Mamiev
2020-06-27 16:46:26
-BOSS-,Бишкектикпи Оштукпу незиги эле вайн тартуу Кыргыз жигиттерин бузат. Тарбиялык вайн аз көпчүлүк вайнчы блогерлер катындан айырмасы жок. Бул жигиттин мен чоң энеси менен бир вайн тарткандан кийин сыйлабай калдым. Азыр класс просмотр чогултуу үчүн ата эне кары картандан бери тартып жатат адепке туура келбеген
+3
Agayu
2020-06-27 15:51:39
Юмордун да орду бар , жакшылап издесенер чыкмак , эл аран унутуп эски жарадан аран айыгып айтканда Мен дагы юмор деп аша чапканга чейин барсам болот , анын да чеги жок.Кой дешим керек да
+6
altyn7776
2020-06-27 15:56:42
Кыз ала качуу - бул жапайы доор! Анан ушул онутто реклама тарткан балдар деле акылы артта калган, жаныча изденбеген балдар да.
+7
Kairat1996
2020-06-27 16:37:02
Кыргыздар жапайчылыкты алып келген эскиче дин, салттан кутулуш керек
0
ainura220888
2020-06-28 11:05:54
Сен эле тушунуп юморду ошондо сенден башкасы тупойбу? Гелжиндеп суйлой бергенинен эле сана подпискада болбогом корбойм дагы.
+1
Leon441
2020-06-28 19:52:08
Именно ушул Эмилге айтып койгулачы сураныч же өзүң окуп жаткан болсоң, сен саал жмот бала окшойсуң. Элдер даже кыздар карантин убагында өз акчасынан элге жардам берди Эмил сен гивтин акыркы эки ойунун ойнотпой жардамга муктаждарга которбуз деп хитрый болуп койдуң жардамды өз жанынан бериш керек бирөөнүн шапкесин бирөөгө кийгизбей сенин ар бир сүрөтүң подписчигиңе клас ол бул деп кыскасы эркекче болбоду
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан