Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен дагы 3 адам каза болду. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, көз жумгандар коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн эмес.
Белгилүү болгондой, илдеттен каза болгондордун экөө Бишкекте, бирөө Ысык-Көл облусунда катталды.
Пандемия башталгандан бери каза болгондордун жалпы саны республика боюнча 2935 кишини түздү.