Кытайда сутка ичинде 12 адамдан коронавирус аныкталды

Акыркы бир сутка ичинде коңшу Кытайда 12 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Анын ичинен 5өө сырттан келген болсо, 7өө жергиликтүү тургундар. Бул тууралуу аталган өлкөнүн улуттук саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясы билдирген.

Маалыматка ылайык, коронавирус аныкталган бардык жергиликтүүлөр борбор шаар Пекинде катталган. Сутка ичинде инфекциядан каза болгондор катталган жок жана 9 бейтап ооруканадан чыгарылган. Дагы төрт бейтап коронавируска шектелип, ооруканада жатышат.

Бул көрсөткүч менен Кытайда жалпы 84 миң 757 адамдан коронавирус аныкталды. 4 миң 641 адам каза болсо, 79 миң 609 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан