Бир сутка ичинде COVID-19 оорусунан пневмонияны эске алганда 1 213 адам сакайып чыкты. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг берип жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкө боюнча жалпы 128 миң 905 бейтап илдеттен сакайып чыкты.
"Илдеттен Бишкек шаарында 813, Чүй облусунда 84 бейтап сакайды. Калгандары башка аймактардан ооруканалардан чыкты", - деп билдирди Рахматуллаев.
Ош шаары – 84
Ош облусу – 25
Талас облусу – 5
Нарын облусу – 5
Ысык-Көл облусу – 8
Жалал-Абад облусу – 63
Баткен облусу – 88