Бириккен улуттар уюму коронавирус менен күрөшүү үчүн 15 миллион доллар бөлдү

Бириккен улуттар уюму коронавирус менен күрөшүүгө 15 миллион доллар бөлдү. Бул тууралуу аталган уюмдун гуманитардык суроолор боюнча башкы орун басары Марк Лоукок билдиргенин чет элдик маалымат булактары жазышты.

Ага ылайык, бул каражат БУУнун борбордук фондунан өзгөчө кырдаалдарды жөнгө салуу үчүн бөлүндү. Бөлүнгөн каражат вирустун жайылуу динамикаларын изилдөөгө жана лабораториялык иштерге жумшалмакчы. Мындан сырткары БУУ коронавирустун тез арада дүйнөгө жайылып жатканына кабатыр экендиктерин айтышкан.

"Азырынча вирус эркин жайылып жатат. Бул нерсени токтотуп калууга биздин мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ошондуктан вирустун жайылышын токтотууга азыр аракет кылышыбыз керек", - деген Марк Лоукок.

Азыркы учурда вирустан жабыр тарткандардын саны 89 миң 197 адамды түзгөн. Алардын ичинен 45 110 адам сакайганы, ал эми 3 048 адам каза болгондугу айтылууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
HAKER-KG
2020-03-02 17:05:45
жеп коёт кыска соз менен айтканда
0
Dani
2020-03-02 21:50:54
HAKER-KG,баарына белгилуу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан