Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча коронавирустук инфекцияга каршы 141 вакцина өндүрүлүп жатат. Мындай маалыматты Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Гебреисус билдирди деп жазышат дүйнөлүк басылмалар.
Анда COVID-19 тууралуу маалыматтар интернет желесине жайылгандан кийин эле вакцина иштеп чыгуу боюнча иштер башталганы, учурда инфекцияга каршы күрөшүү үчүн 141 вакцина өндүрүлүп жатканы айтылат.
"Эң алдыңкы делинген өндүрүүчүлөрдүн ийгилигине 1 айдан кийин күбө болушубуз мүмкүн. Албетте, вакцина толук кандуу дарылайт же коргойт деп кепилдик бере албайбыз, бирок жакшыдан үмүт кылабыз", - деген Тедрос Гебреисус.
Бүгүнкү күнгө карата дүйнө жүзү боюнча 10 миллион 662 миң 993 адамга вирус жуккан.