Кытайдан чыккан вирустан каза болгондордун саны өсүүдө. Вирустун очогу болгон Ухан шаарында коомдук транспорттор токтотулду

Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган Кытайдан чыккан вирустан каза болгондордун саны 9га жетти. Бул тууралуу Би-Би-Си агенттиги Кытайдын жергиликтүү басылмаларына таянып жазып чыкты.

Кытайдын Ухан шаарынан чыккан дем алуу органдарына зыян келтирип, адамдан адамга жугуучу вирустан жүздөгөн кишилер жабыр тартты. 22-январь күнү Кытайдын аймактык мамлекеттик телевидениеси вирустан 17 киши каза болгонун айткан. Кийинчерээк вирустан каза болгондордун саны 9га жеткени расмий түрдө такталган.

Вирус дүйнөгө кулач жайып баратканын эске алып, Кытай өкмөтү вирустун очогу болгон Ухан шаарында (8 миллион 900 миң калкы бар) инфекцияны андан ары өөрчүтпөш үчүн коомдук транспортту убактылуу токтотуу чечимин кабыл алышты. Автобус, метро, паромдор (суу аркылуу адам жана транспорт ташуучу кеме) жана алыскы аралыкка адам ташуучу транспорттор 23-январдан баштап ишин токтотот. Шаардын тургундары үчүн аэропорт, темир жол станциялары жабылат. Кытай өкмөтү элден Ухан шаарына келбөөнү жана эгер шаарда болсо сыртка чыкпоону суранууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
tina-Tin
2020-01-23 10:06:47
Кудай сактасын.
+5
aerforce
2020-01-23 10:23:10
Бир шаарында эле кыргыздардан көп калкы бар
+6
Bekturbek
2020-01-23 12:10:12
Алла ушинтип азабын жөнөтүп койоберет
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан