Жалал-Абад шаарынын мэри коронавирустан айыгып, жумушка чыкты

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев коронавирус инфекциясынан айыгып, аралыктан иштөөгө өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы маалымат борборунун башчысы Азамат Жээнбеков билдирди.

"Дарыгерлердин такай көзөмөлүнөн соң калаа башчысы коронавирус илдетинен айыгып, өз ишин аралыктан улантып баштады. Шаардагы бардык иштерде, илдет менен күрөшүүнү өзү көзөмөлдөп жатат", - деди Азамат Жээнбеков.

Буга чейин Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандыгы маалым болгон эле.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан