Кытай бийлиги жарандарынын жапайы жаныбарлардын этин жегенин токтотууну көздөп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда. Маалыматка ылайык, Кытай эл өкүлдөрүнүн туруктуу комитети жыйында жапайы жаныбарлар менен соода жүргүзүүгө тыюу салуу чечимин кабыл алышкан. Мындан тышкары коронавирус эпидемиясына байланыштуу калктын жапайы жаныбарлардын этин жеген адатын токтотуу аракеттерин көрүүнү чечишкен.
"Бул чечимдер жыйында добуш берүү ыкмасы менен кабыл алынган. Анда калктын саламаттыгынын коопсуздугун коргоону камсыздоону чечишкен", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле маалыматта, коронавирус эпидемиясы жаңыдан башталган учурда коомчулук жапайы жаныбарлардын этин жешкендиги менен байланыштыргандыгы белгиленет.