Депутат Нурбек Тотоновдун инисинен коронавирус аныкталды. Ал Орусиядан жүк ташып келген

Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Тотоновдун бир тууган иниси Айбек Тотоновдон коронавирус инфекциясы аныкталып, Жалал-Абад облустук ооруканасына жаткырылды. Бул маалыматты Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Кумар Ботокараев тастыктады.

"Кечээ, 18-май күнү 40 жаштагы Айбек Тотонов аттуу жаран ооруканага келип түшкөн. Анын биринчи ПЦР анализинен коронавирус тастыкталып, ооруканада дарыланууда. Учурда абалы жакшы", - деп билдирди башкы дарыгер.

Маалыматка ылайык, Айбек Тотонов 16-май күнү Орусиядан оор жүк ташуучу унаа айдап келген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Merch
2020-05-19 21:55:22
Ал Токтогулга келип айылды кыдырып кетиптир го?
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан