Бишкек шаарындагы такси кызматы дем алыш күндөрү дагы чектөөлөрсүз иштейт

Бишкек шаарындагы такси кызматы дем алыш күндөрү да эч кандай чектөөлөрсүз иштей берет. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

"Санитардык нормаларды катуу сактоо шарты менен дем алыш күндөрү такси кызматтарынын иштөөсүнө уруксат берилди. "Дем алыш күндөрү коомдук транспорттордун ишмердүүлүгүн чектөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүнү вице-мэр, Эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы өзгөчө комиссиянын төрайымы Татьяна Кузнецова киргизди", - деп жазылган билдирүүдө.

Мындан тышкары жүргүнчүлөр да санитардык нормаларды сактап, жеке коргонуу каражаттарын жанында алып жүрүүлөрү керек.

Кечээ, 1-июлда Бишкек шаарындагы такси кызматы дем алыш күндөрү иштебей тургандыгы кабарланган эле.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан