Орусияда коронавируска тест тапшыруудан баш тарткандарга 40 миң рублга чейин айып салынат

Орусиялык басылмалар Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө таянып, коронавирустун жайылышын шарттаган жарандарга карата салынуучу айып пулдардын суммасын жазды. Ага ылайык, Орусиянын аймагында эми коронавируска карата тест тапшыруудан баш тарткандарга 15 миң рублдан 40 миң рублга чейин айып салынат.

Мындан тышкары коронавирустун белгилерин байкап, бирок дарыгер чакырбаган адамдарга, чет элден учуп келгенин жашырып, келгенден кийин тиешелүү тараптарга кайрылбагандарга да айып салынат.

"Тест тапшырууга оору бар экендигине шектелген адамдар милдеттендирилет. Баш тарткандарга санитардык-эпидемиологиялык абалды жакшыртууну бузуу беренеси менен административдик иш козголот. Орусияга чет өлкөдөн келип, бирок дарыгерлердин айткан эрежелерин бузгандар да айып төлөөгө туура келет.

Москвада 15-майдан баштап адамдардын массалык түрдө коронавируска тест тапшыруусу көбөйдү", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
erlanspb
2020-05-18 00:34:12
Кантип каерге барып тапшырат
0
HypcylTAH
2020-05-18 00:40:23
Кыргыздардын 70%ти уже ооруп бүттү.
Өздөрүн өздөрү даарылап жеңди буйруса...
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан