Бүгүн, 6-июлда өлкө дагы бир чыгаан дарыгеринен айрылды. Ал Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы, эмгек сиңирген дарыгер Бектемир Мукамбетомуров эки тараптуу пневмониядан улам каза болду. Бул тууралуу Елена Баялинова социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Бектемир Мукамбетомуров 1953-жылы Нарын облусунун Эмгекчил айылында туулган. 1979-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун педиатрия адистигин аяктаган.
Дарыгердин артында жубайы жана 5 баласы калды.