Бүгүн, 2-июлда "Манас" эл аралык аэропортуна чартердик каттам менен "Pegasus Airlines" авиакомпаниясынын Стамбул-Бишкек каттамы менен Түркиядан 232 Кыргыз жараны кайтып келди. Анын ичинде кичинекей балдар бар. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
"Бул каттам чет мамлекеттерден биздин жарандарды кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында, президенттин жана өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн жетишилген Кыргыз өлкөсү менен Түркиянын тышкы саясий мекемелеринин макулдашууларын жүзөгө ашыруу үчүн уюштурулган", - деп жазылган билдирүүдө.
Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз жарандарынын мекенине кайтарып келүү маршруттарын издөө боюнча иштер улантылууда.