Орусияда эс алуу күндөрү 11-майга чейин узартылат

Орусиянын президенти Владимир Путин 11-майга чейин эс алуу күндөрүн узартты. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрель күнү губернаторлордун катышуусунда өткөн онлайн жыйында белгилүү болду.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин эс алуу күндөрүн 11-майга чейин узартты. 6, 7, 8-май күндөрү да жумуш күнү деп саналбайт.

Буга чейин Путин апрель айын толугу менен эс алуу деп жарыялаган.

Кошумчалай кетсек, учурда Орусияда коронавирус жуктургандардын саны 90 миңден ашты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
ayzirek91
2020-04-28 21:29:58
Москвадагы жарандарды алып кеткилечи кыйналып кеттик
0
Bolya8892
2020-04-28 22:41:31
ayzirek91, Москвада кыргыздар жаман кутурдук эле.кунуно 3 маал тамактанып чайхана кафелерден. Тойлорду откоруп... Койчу Аллахтын берген ырыскысын унутуп.
+13
bond02
2020-04-28 21:53:44
11чи майдан кийин дагы узартабы же жокпу, кимдин ою кандай?
0
jumaev0084
2020-04-28 22:11:56
bond02,Бул кетиште узартат го дейм июньга дейин
+2
natasha00
2020-04-28 22:21:53
Узартбайт, Орустар оздору ачка калдык деп митинг кылып жатышат! Булар 1 суйлойт.Бирок Путин айтты кырдаалга жараша бт деп. Менимче уже буйурса 12синен ачылат!
-2
nazi25
2020-04-29 00:27:55
12синен кийин аз аздан уруксат берип баштайт экен.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан