"Мен айрым райондук ооруканада иштеген дарыгерлерге, ошол жерде багыттама берип жаткандарга кайрылгым келет. Кечээ күнү биздин кызматкерлер посттон жаранды тосушуп, кайда бара жатканын сурашса ооруканага бара турганын айтыптыр. Багыттама сурашса "Гинекологго барат" деп жазылып туруптур", - деди Ош облусунун коменданты Нурдин Маликов.
Маликов өз сөзүндө дарыгерлер карантиндин тартиптерин сактоого эң биринчиден болуп кызыкдар катмар экенин айтты.
"Дарыгерлер, сиздер карантиндин сакталышына чоң жардам бере турган адамдарсыздар. Абдан шашылыш болуп жатса да келген адамдарга аныктама, багыттама берүүдө кылдат карооңуздарды өтүнөм. Чыныгы ооруган кишилерге берилиш керек да багыттама", - деди ал.