Өлкөдө коронавируска кабылып өтө оор абалда 16 бейтап жатат

Бүгүн, 2-октябрга карата өлкө боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруп алып өтө оор абалда ооруканаларда 16 бейтап жатат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифинг учурунда билдирди.

"Бүгүнкү күндө 871 бейтап ооруканада дарыланып жатат. Анын ичинен 10ну канааттандырарлык абалда турат. Орточо оор абалда 667 бейтап болсо, 194ү оор абалда жана 16 бейтап өтө оор абалда жатат", - деди Үсөнбаев.

Мындан тышкары министрдин орун басары Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында инфекция салыштырмалуу жогору бойдон калып жаткандыгын кошумчалады.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан