КРнын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлат. Бул мыйзам долбоору адам өмүрүнө каршы кылмыш, коррупция үчүн жазалоону күчөтүү, коомго жана жаранга, аларга карата кылмыштуу кол салуулардан коргоо боюнча мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында даярдалган. Белгилей кетсек, мыйзамдын демилгечиси ЖКнын депутаты Ыргал Кадыралиева.