Бүгүн, 4-июлда Стамбул-Бишкек багыты боюнча чартердик каттам менен Кыргыз жарандары өлкөгө учуп келишти. Маалымат республикалык ыкчам штаб тарабынан кабарланды.
Бишкекке Түркиядан 237 Кыргыз жараны учуп келди, алардын арасында балдар бар. Өлкөгө кайткан мекендештердин баары обсервацияга жайгаштырылды.
Бул каттам президенттин жана өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун жетишилген макулдашууларынын алкагында жүзөгө ашырылды.
Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз жарандарын өлкөгө кайтарууну уюштуруу иштери улантылат.