Жалпы республикалык тестирлөө аралыктан жүргүзүлбөйт. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде вице-премьер-министр Аида Исмаилова онлайн маалымат жыйынында билдирди.
"Билим берүү министрлиги Жалпы республикалык тестирлөө боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат. Учурда 80 пайыздан ашык окуучу тестирлөөгө катышууга катталды. Айта кетүүчү жагдай, республикалык тестирлөө дистанциялык режимде жүргүзүлбөйт. Аны реалдуу режимде 2 этап менен өткөрүү маселеси каралууда. Бул боюнча график түзүлүп жатат. Карантин соңуна чыкканда бардык мектеп бүтүрүүчүлөрү тест тапшыра алышат. Жакында Билим берүү министрлиги толук маалымат берет", - дейт Исмаилова.