Казакстанда коронавирус менен ооругандар май айында 4 миңге жетиши мүмкүн

Казакстанда бүгүн, 23-апрель саат 09:30га карата коронавирус менен ооругандардын саны 2 миң 135ке өстү. Анын ичинен 515и илдеттен арылса, 19у каза болду.

Аталган өлкөнүн мамлекеттик башкы санитардык дарыгери Айжан Есмагамбетова май айында өлкөдө коронавирус менен ооругандардын саны 4 миңге чейин жетиши мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Бүгүнкү күндө вируска кабылгандардын арасында 652 бейтап медициналык кызматкерлер экени белгилүү болду. Коронавируска каршы күрөшүп жаткан кызматкерлер 2 аптада бир жолу коронавируска тест тапшырып турат деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ZUXRIDDIN20
2020-04-23 09:44:02
Казакстанды өткөн күнү эле пик учуруна келди деп атышат элего.
0
KalenAlmaz
2020-04-23 10:20:52
Пик али алдыдаа
+1
ZUXRIDDIN20
2020-04-23 10:29:06
Өзбекстан Кыргызстанда вирус чыгуусу азайып, айыккандар көбөйүп баратат. Пик учурдан откон болобуз бекен ошондо. Башка мамлекеттерде вирус чыкан күндөн тарта 1,5 айында пик учуруна чыгып жатышат. ИншаАллах биз кыйынчылыктардан откон болойлу.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан