"Мен сиз үчүн жумушта калдым, сиз мен үчүн үйдө болуңуз". Дарыгерлер коронавируска каршы флешмоб башташты

Казакстандык дарыгерлер коронавируска каршы флешмоб башташты. Алар карантин кезинде адамдардын оору жуктуруп албашы үчүн сыртка чыкпай, үйдө олтуруусун суранып жатышат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

Ак халатчан дарыгерлердин сүрөттөрү Жамбыл облусунун Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын социалдык тармактагы жеке баракчасына жарыяланган. Учурда ал сүрөттөрдү бөлүшкөндөр көбөйүп, ал популярдуу болууда.

Дарыгерлер карантинде кармалган жарандарды эреже сактоосун өтүнүп, ак баракка "Мен сиз үчүн жумушта калдым, сиз да мен үчүн үйдө болуңуз" деген сыяктуу сөздөрдү жазып, аны кармап сүрөткө түшүшкөн.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Aitunuk
2020-03-18 21:58:44
Азаматтар! Гиппократтын анты колдосун! ӨЗҮҢӨРДҮН ден соолугуңар чың болсун!
+12
bond02
2020-03-18 22:06:48
Биздикилер кантти?
+3
omurbekFCB
2020-03-18 22:11:16
Бизде эми дарыгерлердин кадыр баркы жогорулайт деп ойлойм. Алган айлыктары ото аз болчу
+4
Arina07
2020-03-18 22:15:17
Коруп алып ыйлагын келет. Журогум ушунчалык ооруп жатат. Кыргыз элим тушунуу менен карап медиктердин айтканын жасагыла. Уйубузго кете берейли дебестен. Озум Москвада кыздарым кыргызстанда Аллахка аманат
+6
Eminahanym
2020-03-18 22:25:43
Ооба Кудай сактасын. Медицина кызматкерлери силерге күч кубат берсин.
+5
bekmaral
2020-03-18 22:42:32
Умраны тыйбаган муфтият жооп берсин.
+4
xnurgul_gul
2020-03-20 00:16:52
bekmaral,Умранын Муфтиятка эч кандай тиешеси жок,Умраны туристический компаниялар уюштурушат.Чон Ажылыкты муфтият карайт
0
Gsuita
2020-03-19 07:13:08
Биздикилер иш. Байкуш мугалимдерге иши зарыл. Үйдө деле методикалык иштерди жасап, журнал толтурса болот го.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан