Депутат Алтынбек Сулайманов Орусиядан Кыргыз өлкөсүнө келип жардам бере турган дарыгерлердин чыгымын мойнуна алды

Депутат Алтынбек Сулайманов Орусиядан Кыргыз өлкөсүнө келип жардам бере турган дарыгерлердин чыгымын мойнуна алды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

"Элибиздин башына оор күндөр түшкөндө, биздин чет жердеги мекендештерибиз өздөрү кыйналып жатканына карабай уюшуп, жалпы дарыгерлер өз ара чогулуп, үй-бүлөсүн, жумушун таштап, Кыргыз өлкөсүнө бекер жардам берүү үчүн өз ыктыяры менен келе жатышат.

Бул иш-чараны уюштургандардан Неговский атындагы жалпы реаниматология институтунун анестезиолог-реаниматологу Эльвира Өмүралиева, мекендештерибиз Нургүл Камбаралиевага, Нурлис Токебаев, Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов, өкмөт башчысы Кубатбек Бороновго, уюштуруу иштерин тездетүүгө салым кошкон Саламаттыкты сактоо министрлигине, ошондой эле жакшы күндөрдө да, оор күндөрдө да элибизди колдоп келген диаспора өкүлдөрүнө, мигранттарыбызга терең таазим!
Мен анестезиолог-реаниматолог жана элчи менен кеңешип, бейтаптарды дарылоо үчүн дары-дармектерин, учак билетинин жана 1 ай жашай турган мейманканасынын, тамак-ашынын чыгымдарын өз мойнума алдым", - деп жазган депутат.

Бүгүн Москвадан Бишкекке жолго чыккан дарыгерлердин сүрөтүн Фэйсбуктун Максым Баткенский деген колдонуучусу жарыялады.
Кечээ, 4-июлда жакынкы күндөрү Орусияда иштеген кыргыз дарыгерлери борбор калаадагы кесиптештерине жардам берүү үчүн келишери кабарланган.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Qwerty2018
2020-07-05 08:44:47
Атасына рахмат, ото соонун калган депутаттарга улгу болсун
+7
Povetkin
2020-07-05 08:51:00
Рахмат! Бирок чын конулдон болсо жакшы, парламентский выбор да алыс эмес!
+8
nurikkg90
2020-07-05 09:11:39
ушундай жардам кыла турган депутат деп ойлодум эле да
+9
sabirdinovich
2020-07-05 09:27:47
Азаматсың! Рахмат
+7
talaa11
2020-07-05 09:32:19
Шайлоо жакындап калды мына эми коросунор элге куйуп пышкан депутаттар чекеден чыга баштайт. Кыргыздар жаман тез алданабызда озу
+9
nurikkg90
2020-07-05 09:54:27
бул дупутат жакшы эле иштеди парламентте деле
+6
bond02
2020-07-05 10:02:14
Аа жакшы шайлоого ушундай жол менен агитация кылгыла, ырчы чоорчуларды коюп.
+2
Margo82
2020-07-05 10:24:25
Шайлоого даярданып жатышса дагы,бул эң сонун нерсе,жок го күрүчтүн шылтоосу м-н суу ичкен курмоктор,Текебаев,Мадумаров,өздөрүнүн жашап өткөн өмүрүндө бирөөгө бир сом жардам кылбагандар,дагы көп болчу го.
Сулаймановго окшогон депутаттар иштесе да иштебесе да,шайлоого очко топтосо дагы за то жардам берип атабы,берип атат бул факт.
Алга Кыргызстан биримдикте ,ынтымакта бололу!!
+3
KG_7755
2020-07-05 10:58:46
Шайлоону аралаштырбай эле, азыркы ушул учурда элге жардам берем деген Алтынбек Сулаймановдой кыргыздын жигиттерин колдошубуз керек. Бөрөктөн-шыйрак чыгарганга эле кыйынбыз. Негатив жазгандан көрө өзүңөр элге канчалык жардам бердиңер? Ушул суроону өзүңөргө берип көргүлөчү. Жардам бергендерге Алла Таала ыраазы болсун, жардам бере албагандар жок дегенде чын көңүлдөн колдоп койгонго татыктуу болсок.
+6
HHFRU
2020-07-05 11:28:28
Шайлоо үчүнбү, пиар үчүнбү же адамдык ак көңүлү мененби, тандабай ала бериш керек жардамды. Азыр ошондой абал өлкөдө.
Депутатка чоң рахмат! Өз жумуштарын таштап, Россиядан келген врачтарга чон рахмат.
Эмгегинердин үзүрү болуп, оорулар айыксын!.
+2
tynar92kg
2020-07-05 12:35:25
Азаматсыңар алыста жүргөн ардактуу дарыгерлер. Элим,жерим деп келип жатканыңыздарга рахмат. Өз өмүрлөрүн тобокелге салып келгендерди, жүрөгүндө жалы бар дечи беле... окуп көзүмө жаш тегеренип кетти...
+2
tular
2020-07-05 12:58:08
Ушул врачтарга таазим! Врачтардын эмгегин баалашыбыз керек!!!
Ушундай абалга жеткирген Өкмөт менен чимкириктерге наалат!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан