Бүгүн, 21-ноябрга карата өлкө боюнча коронавирус инфекциясынан жабыркагандардын жалпы саны 69 миң 149 болду. Анын ичинен бүгүнкү күндө 3 миң 74 бейтап медициналык жайларда дарыланууда. Республикалык штабдан бейтаптардын абалы тууралуу маалымат тарады, ага ылайык:
* 46 бейтап (1,4%) - канааттандырарлык абалда;
* 2 миң 88 бейтап (67,9%) - орто оордукта;
* 818 бейтап (26,6%) - оор абалда;
* 122 бейтап (3,9%) - өтө оор абалда.
Өлкөдө илдеттен айыккандардын саны 60 миң 294кө жетсе, тилекке каршы, каза болгондор 1 миң 227 болду.