Премьер-министр Кубатбек Боронов медициналык кызматкерлерди кесиптик майрамы – медициналык кызматкерлердин күнү менен куттуктады.
«Коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу абал медициналык кызматкерлерге көптөгөн жоопкерчиликти жана жүктү ыйгарды. Буга катар коронавирустук инфекциянын жайылышына жол бербөө боюнча жүргүзүлүп жаткан чаралар саламаттыкты сактоо тутумунун мекемелеринин эскирген материалдык-техникалык базасына, кадрлардын жетишсиздигине жана жетишсиз каржыланышына байланыштуу топтолгон көйгөйлөрүн ачыктады. Орун алган бардык көйгөйлөргө карабастан, сиздер коронавирустук инфекциядан жабыркаган жарандарыбызга тийиштүү медициналык көмөк көрсөтүүнү улантып жатасыздар.
Сиздер үй-бүлө жана жеке иштериңиздерди экинчи планга жылдырып, кооптуу инфекцияга каршы күрөштүн алдыңкы чегинде турасыздар. Бардык кыйынчылыктарга жана жоготууларга карабастан, сиздер өз жаныңыздарды аябастан жана жеке кызыкчылыгыңыздарды ойлобостон оор күндөрү элибизге жардам көрсөтүүнү улантып жатасыздар. Сиздерге терең таазим. Биз муну эч качан унутпайбыз!» - деп жазылат анда.