11-майдан тартып Бишкек жана Ош шаарында уруксат берилген экономикалык ишмердүүлүктүн тизмеги (жаңыланды)

Республикалык штабдан карантин режиминде 11-майдан тартып Бишкек жана Ош шаарында уруксат берилген экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрүнүн жаңыланган тизмегин жарыялашты.

Ишмердүүлүктүн түрлөрү:

1. Төмөнкүлөрдү өндүрүү, кайра иштетүү, ташуу жана сатуу менен байланышкан ишканалар:

- Нукура, чийки жана кайра иштетилген түрдөгү айыл чарба продукциясын, тамак-аш продуктуларын, суусундуктарды жана азык-түлүктү, анын ичинде кошо чыгарылуучу товарларды өндүрүү (таңгактарды, тоюттарды жана башка);

- дары-дармек каражаттарын, медициналык препараттарды, буюмдарды (анын ичинде жеке коргонуучу каражаттарды, медициналык бет каптарды жана халаттарды);

- күйүүчү-майлоочу материалдарды жана газ баллондорду сатуу.

2. Медициналык мекемелердин иши.

3. Лабораториялардын иши.

4. ТКЧ кызмат көрсөтүүлөрүнүн бардык түрлөрү (суу, канализация, газ, жарык берүү, байланыш, жылуулук, таштандыларды жыйноо жана ташып чыгуу, лифтёрлордун кызматтары).

5. Агынды чуңкурларын (септиктерди) дезинфекциялоо жана тазалоо.

6. Почта байланышынын иши.

7. Финансылык жана башка кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү:

- коммерциялык банктардын иши;
- бажы, каржы жана биржа брокерлеринин иши;
- микрофинансылык уюмдар;
- акча алмаштыруу пункттары;
- ломбарддар;
- камсыздандыруу компаниялары;
- менчик жана мамлекеттик нотариустардын кызмат көрсөтүүлөрү;
- юридикалык кызмат көрсөтүүлөр (адвокатуралар);
- кыймылсыз мүлк боюнча агенттиктер;
- туристтик агенттиктер жана кызмат көрсөтүүлөрү;
- басма кызматтары.

8. Массалык маалымат каражаттары.

9. Коомдук тамактануу пункттары, анын ичинде тез тамак жасоо жайлары (жеткирип берүүгө гана).

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан