Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевдин 80 жылдык мааракеси менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Бүгүн, 6-июлда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Назарбаевдин 80 жылдык мааракеси жана Казакстан Республикасынын борбор калаасынын күнү менен куттуктады. Ошондой эле ага чың ден соолук, бакубатчылык, ал эми боордош казак элине тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевдин Кыргыз өлкөсү менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, союздаштык, жакшы коңшулукту орнотуу жана бекемдөөдөгү жеке салымын дагы бир жолу белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан