Индонезия бийлиги COVID-19га ишенбегендерди мүрзө казууга жөнөтүүдө

Индонезия бийлиги Гресик аймагында COVID-19 илдетинин бар экендигине ишенбеген жана бет капсыз жүргөн адамдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында мүрзө казууга жөнөтүүдө. Бул жөнүндө чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, алгачкы 8 адам мүрзө казууга жөнөтүлгөн. Анда алар коронавирустан каза болгон адамдарга жай казышмакчы. Жергиликтүү бийликтин айтымында, ал жердеги мүрзө казуу ишин 3 адам гана аткарып жаткан, ал эми кошумча көр казууга келген адамдар ашыктык кылбайт.

Гресик аймагында коронавируска кабылгандардын саны өсүп жатат, ошондуктан ал жерде карантиндик катуу чаралар киргизилген.

Индонезияда 218 миң 382 адам коронавирус илдетине кабылган. 158 миң 405 бейтап оорудан сакайса, тилекке каршы, 8 миң 841 адам каза болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан