Орусиянын Москва шаарында акыркы бир сутка ичинде коронавирустан 20 бейтап каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн оперативдүү штабынын берген маалыматына таянып, жергиликтүү басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, өткөн суткада каза болгон 20 бейтапка пневмония диагнозу коюлган жана алардан алынган тест коронавирус инфекциясы бар экенин аныктаган. Муну менен Москва шаарында коронавирустан каза болгондордун саны 3 миң 617ге жетти. Ал эми бул илдетке жалпы 584 миң 680 адам кабылган. Орусия боюнча 8 миң 111 адам көз жумду. Бул илдетти жеңгендердин саны 339 миң 711 адамды түзөт.