Бишкектеги №2 төрөт үйү COVID-19 жана пневмонияга кабылган кош бойлуу аялдарды гана кабыл алат

Бишкектеги №2 төрөт үйү COVID-19 жана пневмонияга кабылган кош бойлуу аялдарды гана кабыл ала баштайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына республиканын башкы гинекологу Раиса Асылбашева билдирди.

Башкы гинеколог аталган төрөт үйүнө жасалма дем алдыруучу аппараттар менен кычкылтек концентраттары алып келингенин айтат.

"Аталган төрөт үйүндө март айында эле обсервациялык бөлүм даярдалып, 25 койка иштеп жаткан. Ал жерге 24-июнга чейин болгону 59 бейтап келген. Кийин коронавируска кошумча пневмония дагы күч алганда, мындай диагноз менен келген кош бойлуу айымдарды ар кайсы жакка жөнөтпөй, бир жакта кароо чечими кабыл алынды.

Эмне себептен №2 төрөт үйү? Анткени буга чейин бул жерде обсервация даярдалгандыктан, бардык шарттар түзүлгөн. Керектүү каражаттар дагы бар эле. Мындан тышкары төрөт үйүнүн медициналык персоналы дагы окуудан өтүп, тажрыйба топтоп калышты. Кош бойлуу айымдар катталган бейтапканасына жараша алар бекитилген төрөт үйүнө барышат. Ал эми аймактардагы кош бойлуулар №6 төрөт үйүнө барышат.

Эпидемиологдор менен кеңешип, 3 кабат тең атайын зоналарга бөлүндү. Ал жерлерге СOVID-19дан жабыркагандар, ага шектелгендер жана пневмонияга кабылган кош бойлуулар жайгаштырылат. Ал эми обсервацияга кирүүчү эшик өзүнчө болот. Учурда бул жакка жасалма дем алдыруучу аппараттар, керектүү каражаттар алып келинди. Албетте, №2 төрөт үйүндө дагы дарыгерлер, адистер жетишпей жатат. Бирок калгандары колунан келишинче жетишип иштөөгө аракет кылып жатышат. Төрөт үйүнүн адистери арасында пульмонологдор жок, бирок биз ал адистер менен аралыктан иштеп баштадык. Бул жакка түшкөн кош бойлуу айымдар көз жарып, дарыланып бүткөндөн кийин тапшырган анализдери жакшы болсо үйгө чыгарылат. Андан ары дагы көзөмөлдө болот. Обсервацияда 2 бригада саат сайын алмашып иштеп турушат. Дарыгерлер мурунку алгоритм боюнча мөөнөтү бүткөндө, эч жакка чыкпай 14 күн изоляцияда болот"
, - дейт Раиса Асылбашева.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан