Өлкөдө күн ичинде оору алып тынган бейтаптардын эң жогорку көрсөткүчү катталды. Коронавирустан 13, пневмониядан 44 адам каза болду

Бир сутка ичинде коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен дагы 13 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүнкү күнгө карата онлайн жыйында Айнура Акматова билдирди.

Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 1 (эркек, 67 жашта);
№6 Шаардык клиникалык ооруканасынан – 1 (эркек, 52 жашта);
Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан – 3 (3 эркек, 69-55-70 жашта);
Ош шаардык клиникалык ооруканасынан – 1 (эркек, 52 жашта);
Жалал-Абад облустук ооруканасынан – 1 (эркек, 53 жашта);
Ат-Башы аймактык ооруканасынан – 2 (эркек, 64 жашта, аял 55 жашта);
Жайыл аймактык ооруканасынан – 3 (эркек, 63 жашта жана 2 аял – 59-70 жашта);
Москва аймактык ооруканасынан – 1 (аял, 49 жашта).

Жалпы коронавирустан каза болгондордун саны 112 кишини түздү.

Бир сутка ичинде пневмониядан 44 бейтап каза болду. Алардын ичинен 14 адам республика боюнча жана Бишкекте 30 адам.

Март айынан тартып илдеттен көз жумгандардын жалпы саны – 268 адам.

Өлкөдө күн ичинде оору алып тынган бейтаптардын эң жогорку көрсөткүчү катталды
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Aika1988
2020-07-08 10:14:25
Кундо ушундай олум болсо эмне болот эми .Карантин киргизип жугузгандарды токтотуш керек батыраак.
+11
Ma9
2020-07-08 10:20:04
Карантин керек
+9
souza.j
2020-07-08 10:34:47
Карантин киргизели дегенде каршы чыккандар каякта журот.
+7
Nuri1988Elim2010
2020-07-08 15:32:28
Күндөн күнгө көбөйүүдө, эмне себептен карантин киргизбетат, өткөндө вирус жогунда карантин болду, эми эмнеге карантин болбойтабы, биздин чоңдор атайын кылып жатышабы
+4
zhaku2017
2020-07-08 15:41:05
Азыркы болуп жаткан кырдаалда врачтарды куноолобогуло. Оорусанар озунордун шоорунар. Ошондуктан эшике чыкпаш керек. Кийин ооруп калса эле врачатарды куноолоп жаткан туура эмес.
+2
jorobek.kg
2020-07-08 19:06:47
Кимге денсоолук керек болсо озуну озу карантин кылсын эми
Карантинде ызылдап жаткансынар врачтар акча учун кылып жаткан иши деп эми не дейсинер
+1
Samatalibei
2020-07-08 20:21:08
Мамлакаттан жардам берип карантин киргизсе болот. Конуштардагы жашоочулар азыртан кыйналып баштаса кышта эмне болот.
0
Sajakat14
2020-07-08 22:55:30
Пневмания эмес коронавирус эле.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан