Коронавирус чиновниктерди кучагына алды. Иранда 4 депутат коронавируска кабылганы аныкталды

Иранда 4 депутат коронавирус жуктурганы аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Иран мажлисинин 290 депутатынын 30у текшерүүдөн өтүп, 4 депутаттын коронавирус жуктурганы маалым болду. Бул тууралуу Иран парламентинин президиумунун мүчөсү Мухаммед Али Вакили социалдык баракчасына жазып чыкты. "Жалпысынан 30 депутат коронавируска карата текшерүүдөн өткөн. Алардын арасынан COVID-19 аталган коронавирусту 4 депутат жуктурганы аныкталды", - деп билдирген Вакили. Ошондой эле коронавирустун жайылуусунан улам мажлис кийинки жума коомдук уктурууну токтотуп турарын айткан.

Эске салсак, буга чейин вирус жуктургандардын арасында Ирандын үй-бүлө жана аялдар иштери боюнча вице-президенти Масуме Эбтекар бар экендиги аныкталган.
Ирандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген акыркы маалыматына ылайык, өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 388ге жетип, 34 киши каза болду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Bars88
2020-02-29 11:22:13
Озу эшекке минерлерден болсо ошондо ойлонушабы дейм.Бизде кытайдан келген кытайларды акчасын алып эле коё беришти го.Алардан жукса эмне болот
+1
souza.j
2020-02-29 11:23:28
Американын иши.точна
+2
Asman779
2020-02-29 19:52:28
Биздин депутаттар оорубасын баарыбызга жугузат
0
Gulipa
2020-03-01 08:30:23
Кытайдан келбей калды Ирандан келип жатат деген момо жемиштерди дагы токтотуу керек,мандарин,банан жебей жашап тура беребиз
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан