Коронавирус инфекциясы дагы да болсо дүйнөгө кеңири кулачын жаюуда. Дүйнөдө акыркы бир жума ичинде коронавирус аныкталгандардын рекорддук көрсөткүчү катталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна (ДССУ) таянуу менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, дүйнөдө акыркы бир апта ичинде 4 миллион 953 миң 758 адам вируска кабылган. Бул коронавирус башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Буга чейинки рекорд 14-20-декабрь аралыгында катталган. Анда дүйнөдө 4 миллион 612 миң 790 адам вирус жуктургандыгы аныкталган.
Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнөдө 91 миллион 700 миң 280 адамдан вирус аныкталды. 1 миллион 964 миң 764 адам каза болсо, 50 миллион 729 миң 800 бейтап сакайды.