Коронавирус табылган 3 жаран «Эйр Арабия» авиакомпаниясынын рейси менен келишкен. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын коронавирус боюнча штабынан билдиришти.
"Коронавирус табылган 3 жаран «Эйр Арабия» авиакомпаниясынын рейси менен 2020-жылдын 12-мартта саат 20:57де «Манас» аэропортуна учуп келишкен. Чартер каттамдын номери ABY 345. Аталган бортто 135 жүргүнчү болгон", - деп жазылат маалыматта.