Окуу жайга тапшырууда ата-энелер менен абитуриенттерде маселелер жана суроолор пайда болсо "1919" кыска номуруна чалып, маалымат алууга болот. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
Буга чейин 2020-2021-окуу жылына жогорку окуу жайларына жана орто кесиптик окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу толугу менен онлайн форматта жүргүзүлө тургандыгы айтылган.
Ал үчүн атайын “Абитуриент Online” автоматташтырылган маалыматтык системи Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыкты.