Өлкөгө дагы 200 мобилдик кычкылтек концентратору алып келинди

Бүгүн, 8-июлда Бишкек шаарына чартердик каттам менен дагы 200 даана мобилдик кычкылтек концентратору жеткирилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, өкмөт тарабынан сатып алынган мобилдик кычкылтек концентраторлорунун экинчи партиясы алып келинди. Ал эми калган 800 даана кычкылтек концентратору жакынкы арада өлкөгө жеткирилери күтүлүүдө.

Буга чейин, 5-июлда биринчи партия менен 500 даана мобилдик кычкылтек концентратору алып келинген.

Кычкылтек концентраторлору ыкчам тартипте коронавирустук инфекциядан жабыркаган жана өпкөсү сезгенген жарандар дарыланып жаткан республиканын медициналык мекемелери арасында таркатылып берилет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан