Токио-2020: Коронавирустун айынан күрөш боюнча олимпиадага тандап алуу турнири Бишкекте өтпөй калды

Бишкекте 27-29-март күндөргө пландалган күрөш боюнча Азия чөлкөмүндөгү олимпиадага тандап алуу турнири Кыргыз өлкөсүндө болбой калды. Мындай чечим Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин жыйыны учурунда кабыл алынган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган мекемеден билдиришти.

"Дүйнөгө тарап жаткан коронавируска байланыштуу бул лицензиялык турнир Бишкекте өтпөй калды. Ошондой эле 3-5-март күндөрү шаардык муз аянтчасына пландалган хоккей боюнча төртүнчү дивизионунун Дүйнө чемпиондугу да коронавируска байланыштуу башка убакытка жылдырылды", - деп билдиришти.

Маалыматка ылайык, күрөш боюнча олимпиадага тандап алуу турнири 27-29-март күндөрү Бишкектеги Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтмөк. UWW`нын (Дүйнөлүк Күрөш Уюму) президенти Ненад Лалович бул турнирди өткөрүүгө макул болгондугу үчүн Кыргыз өкмөтүнө жана Күрөш федерациясына ыраазычылыгын билдирген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан