Орусияда коронавирус аныкталгандардын саны 300 миңге чукулдады

Акыркы бир сутка ичинде Орусиянын 83 аймагынан 9 миң 263 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 115 адам каза болсо, 5 миң 921 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус аныкталган 9 миң 268 адамдын ичинен:

Москва шаарында - 3 миң 545 адам (жалпы 149 миң 607);

Москва облусунда - 898 адам (жалпы 29 миң 188);

Санкт-Петербург шаарында - 453 адам (жалпы 11 миң 340);

Нижегород облусунда - 260 адам (жалпы 6 миң 952) адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 299 миң 941 адамдан инфекция аныкталды. 2 миң 837 адам каза болсо, 76 миң 130 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан