Бишкекте жана облустардын борборлоруна заманбап, комплекстүү клиникалар курулат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Биринчи Май районунда ачылган күндүзгү стационардын иши менен таанышууда айтты. Маалыматты президенттик аппараттын басма сөз кызматынан бүгүн, 8-июлда билдиришти.
"Стационарлар албетте, убактылуу объектилер, алар мындан аркы кырдаалга жараша иштейт. Азыркы кырдаал калктын саламаттыгына кандай коркунуч бар экендигин көрсөтүүдө. Комплекстүү заманбап клиниканын жоктугу өзгөчө азыркы кырдаалда сезилүүдө. Бишкекте бардык медициналык кызмат көрсөтүлө турган комплекстүү клиника курабыз. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде заманбап оорукана куруу үчүн каражат бөлүүгө кызыкдар инвесторлор бар. Мындай заманбап ооруканалар бардык облустардын борборлорунда курулат", - деди өлкө башчы.
Сооронбай Жээнбеков жана Бишкек мэриясы борбор калаанын аймагынан заманбап, комплекстүү клиника куруу үчүн жер тилкесин караштырып жатканын кошумчалады.