Японияда коронавирустун адамдан адамга канчалык бат жугат экенин көрсөткөн эксперимент жасалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта аталган экспериментке 10 адам катышканы жана алардын мисалында ресторандын ичинде вирусту жуктуруп алуу ыктымалдуулугу видеого тартылып алынганы айтылат.
"Эксперименттин жүрүшүндө катышуучулардын бири "илдет жуктурган" адамдын ролун ойногон. Уюштуруучулар анын колуна атайын флуоресцент боёгун сүртүшкөн. Андан соң "инфекцияны алып жүрүүчү" 30 мүнөт ресторандын ичинде болгон жана улам-улам алаканы менен оозун жаап, жөтөлүп турган. Натыйжада бир гана адамдын колуна сүйкөлгөн боёк эксперименттин катышуучуларынын баарынын колуна, ал эми үч катышуучунун беттерине дагы жуккан.
Кийин уюштуруучулар ошол эле абалда, бирок ресторандын персоналына тамак салынган приборлорду бат-баттан алмаштырып турууну сунушташкан. Ал эми коноктордун ролун ойногон катышуучуларга колдорун тез-тезден дезинфекциялап турууну айтышкан. Эксперимент бүткөндө адамдардын алакандарындагы мурда боёк болгон жерлер 30 эсе азайып, ал эми беттеги боёктор таптакыр калган эмес", - деп жазылат маалыматта.